www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана вице-спикерлер Аида Касымалиева жана Мирлан Бакиров коронавируска карата ПЧР-тесттен өтүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алмазбек Сабырбеков билдирди.

Анын айтымында, алардын тапшырган анализдеринин жыйынтыктары таза чыккан. Депутаттык корпустун калган мүчөлөрү дагы тестирлөөдөн милдеттүү түрдө өтүп жатат.

“Эки күндүн ичинде эл өкүлдөрүнүн анализин чыгарабыз деп ойлойм. Азырынча COVID-19 инфекциясы эч кимисинен тастыкталган жок. Аппарат кызматкерлери жана басма сөз кызматкерлери дагы текшерүүдөн өтүштү. Алардын бардыгы, алгоритм боюнча, аралыктан иштөөгө өтүшкөн. Депутаттардын жардамчылары дагы текшерилет, бир сөз менен айтканда, бардык байланыштарды аныктайбыз. Сессиянын аягына чейин журналисттер парламенттик отурумдарга кире алышпайт», - деди Алмазбек Сабырбеков.

Эске сала кетсек, буга чейин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдиновдун COVID-19 менен ооруп калганы белгилүү болгон. Ал төрага Дастанбек Жумабековду кошпогондо, дээрлик бардык кесиптештери менен байланышкан.

Вице-премьер-министр болуп дайындалган Алмазбек Баатырбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов парламентке келген.

Жалпысынан парламентте COVID-19 инфекциясынын эки учуру катталган. Алгачкы ирет 18-июнда аталган оору Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан табылганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости