www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Китепкана иши жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Жыйында депутат Айнуру Алтыбаева маданият министринин орун басары Нуржигит кадырбековго Кыргызстанда жалпы канча китепкана бар деген суроо салды.

Нуржигит Кадырбеков: “165 китепкана бар, анын экөөсү республикалык, 11 облустук, 38 райондук, 884 айылдарда. Мектептерде да жайгашкан, бирок алар айыл өкмөтүнө карайт”,-деп жооп берди.

Айнуру Алтыбаева китепканалардын аянтын кеңейтип, анын ичине кошумча окутуу борборун, карыялар үчүн, жаштар үчүн атайын аянттар, компьютердик окутууларды кошсо, өзүнчө бир маданий борбор болуп калаарын айтты.

“Абдан жакшы айттыңыз. Сизди кубандырып коелу, Кыргызстан боюнча 52 китепканада ушундай долбоор баштадык. Китепкана - бир эле китеп окуй турган жер эмес. Анткени, балдарды китеп окуу десең сүргүнгө айдагандай кабыл алат экен. Барып ойноп келесиң, робототехниканы үйрөнөсүң, сүрөт тартасың, музыка сабагы берилет, тил үйрөнөсүң десе барышат экен. Экинчиден, кээ бир китепканалар бала бакчанын милдетин да аткарып жатат. Өзгөчө ички миграция менен Бишкекке келгендер Баялинов атындагы китепканага жумасына эки жолу эки саатка таштап кетсе болот. Буга чейин Дастан Далабаевич китепканада китеп сатуу сунушун айткан, бул жагын дагы карап жатабыз”,-деди маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости