www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин учурунда бир аз жүрөктүү киши гана бийликти сындабаса башкалар “ляппай” деп  Ак үйдү тыңшап турчу.  Эми болсо бийликти сындабаган киши жок, жада калса “Иттин уулу Байгара” деле азыркы бийликти бир каап өтмөйүн, көңүлү ачылбай калды. Бийликти “чымчылагысы” келген партиялар, бүгүнкү бийлик да эки партияны коштоп баратат деп алыстан добуш салып айкыра баштады. Биринчиден, Конституция боюнча мамлекет башчысынын партияларды колдоого укугу жок. Экинчиден, “Алга, Кыргызстан”, “Ак Жол”, СДПК, “Биримдик” сыяктуу “бийлик сүйүүчүлөр” менен “байлык сүйүүчүлөрдүн”  ачык эле биригишип, башка атаандаша чыккан, бирок мамлекет башчысынын терс мамилесинен улам тизмеге кошулушпай калган “бийлик сүйүүчүлөр” менен “байлык сүйүүчүлөрдүн” партиясына кара бойокторду сүйкөө иштери сезилген жок.

Ошентсе да, “Уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы?” былтыркы парламенттик шайлоо учурунда президентти колдогон “Мекенчил” партиясынын таасири чоң болушу мүмкүн. Анын аркасында уктап жаткан саясатчыны ойготсо, көзү чакчайып кете турган “Ата-Журт” партиясынын таасирин айтпаса болбойт. “Ата-Журттун” камчысын чапкылап жүрчү Шүкүрбек Эркекбаевдин аты айтылбай эле башкалардын аты атала баштады. Буларды желкелеп, Бишкек шаардык Кеңешинде шар эле упай топтоп алган “Ынтымак” партиясын кошсок болот. Аны жетектеген жаш Маматалиевден тышкары, элге көрүнбөй кол сунуп турган “серый кардиналдары” бар деп жүрүшөт. Буга, албетте, “Эмгек”, “Улуттар биримдиги”, “Бир бол”, “Ишеним” сыяктуу партияларды кошсо болот. Булар парламенттик шайлоого карата “генералдык репетициядан” же Бишкек, Ошко болгон шайлоолордо “кыл көпүрөдөн” “биссимиласын” айтып шыр өтүп кетишкендер.

“Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Социал-демократтар” сыяктуу партиялар азыркы бийликти чукуй турган партиялар. “Ата-Мекен” болсо көнгөн, отуз жылдан бери бийликти “чукулап” жүрүп парламенттен орун алып келатат. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” аны туурайын деп 2010-жылдан бери жети шайлоого аттанды, бирок биринен да иши илгерилеген жок. Бул ирет сегизинчи жолу чыкты, былтыркыга салыштырмалуу шансы аз. “Социал-демократтар” кайра шайлоодо Бишкекке келишкени менен булардын аркасында жашынып Атамбаев СДПКсы менен турганы байге алып келбейт. Бишкек шаары шайлоого көп маани бербеген, басмырт электораты бар, андан тышкары Атамбаевдин Арашаны Бишкекке жакын, ал эми парламенттик шайлоодо Атамбаевге каршы кишилер көп болору бышык.

“Ак Асаба” парламенттик шайлоого аттанышкан 75 партиянын бири. Банкка эсебин ачпай бир топ партия жыдыды. Ал эми “Ак Асаба” кудайга шүгүр аксаган жок, келатат. Анын Нариман Түлеевдин “Ак батасы” менен алмаштырбаш керек, албетте, бул шайлоодо жаш партия маарага чыкпайт, бирок элдин көңүлүн бура алса, анда жакшы. Деги бардык партияларга эле ийгилик каалайлы, бирок кайсы партиялар келер экен?

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости