www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Жол Курулуш» долбоорунун Башкы подрядчиги 2021-жылдын 26-сентябрында асфальт бетон төшөөнүн биринчи катамарын 0. 09 см. калыңдыкта төшөөнү баштады.
Жолчулар асфальтбетон төшөөнүн немец сапатынын акыркы үлгүсү менен ишти башташты. Ал саатына 1100 т/ч. өндүрүмдүүлүгү менен айырмаланат. Төшөлгөн жолдун эндүүлүгү 8,89 метр болуп эки жол тасмасы бар. Мындай технология талапка ылайыктуу жолду колдонууга сапаттуу кылып бере алат.
Инерттүү материалдарды даярдоо үчүн курулуш участкасынан 5км алыс турган жерде майдалоочу эки жабдуу ишке киришти. Кұнүнө ал майдалоочу жабдуу 1000 тоннага чейин инерттүү материалдарды даярдайт. Аба ырайы жакшы болуп турса, жолчулар бул жылы 15 км жерге асфальт төшөөнү көздөп жатышат.
Аталган Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол тасма жолу 25 км созулуп экинчи категорияда ишке ашат. Жолдун өткөрмө бөлүгү 17,6 метрди түзүп, эки тараптуу унаа кыймылынын ар бир тарабынан экиден унаа катар жүрө алат. Ар бир тасманын эндүүлүгү 3,6 метр болот.
Эске сала кетсек, жол курулушу 2021-жылдын 4-августунан бери жүрүп жатат жана аны ата мекендик «Кыргыз Алтын» ААК каржылап жатат. Жолду оңдоого 20 миллион АКШ доллары бөлүнүп берилген.
Бул долбоор мамлекет башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашууда.
Белгилей кетүүчү нерсе мындай колдоону ата мекендик ишкана 30 жылдан бери күтүп келген.
Булак: NazarNews.kg