www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар айтмакчы насип буйурган экен 2008-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин Комиссары Садыр Жапаров менен кесиптеш болуп иштей баштадым. Аталган улуттук агенттик буга чейин эле ачылып, бирок ал өлкө ичинде ушундай мекеме бар экендигин көрсөтө албай жүргөн.
Анткени аты айтып тургандай ал коррупцияны алдын алып, ар кандай мониторинг иштерин жүргүзүп көбүнчө анын аракеттери кагаз бетинде калып жаткан. Аталган агенттикке да эптеп күн өткөрүүнү каалаган маанайдагы кызматкерлер топтолуп, сен мага тийбе мен сага тийбейм - деген ыргактагы иш кылдырап жүрүп келгенин ошол учурдагы кызматкерлер танбаса керек.
Качан гана бул агенттикке Садыр Жапаровдун Комиссар болуп дайындалышы коомчулукту селт эткизе ойготкон маанай жаратты. Бир нече кызматкерлер ошол маанайдын ыргагы менен конкурстарга катышып, мыйзам чегиндеги аракеттер менен ишке киргенбиз. Сыртынан караганда жүзүнөн кытмырлыктын кымындай изи жок Садыр бул ишканада эл үчүн, мамлекет үчүн иштейличи деген ураан менен иш алып барды.
Улуттук агенттиктеги ар бир кызматкер менен Садыр Жапаров жогорку адамгерчиликте жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын талабында иш алып барчу. Ал бир да жолу эң акмак кызматкерге да үнүн катуу чыгарган эмес.
Кызматкерлердин жеке турмушундагы көйгөйлөрдү өзүнүкүндөй кабыл алчу. Бир да жолу ишканада кабагын бүркөп, үтүрөңдөп, мен Комиссар деп катуу сөз айткан эмес.
Анын жаамат менен бирге жүргүзгөн иш аракетинин натыйжасында бул агенттик жарым жылга жетпей Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу жана коррупцияны алдын алуу боюнча болуп көрбөгөндөй даңазалуу иштерди жасай алган.
Эсимде ар бир кызматкер ишке майрамдагыдай келчүбүз. Анткени бизди иште заарын чачкан ачуулу жетекчи эмес, жашоодо дайыма жаркылдап жүргөн боорукер жана иш билги жетекчибиз Садыр Жапаров күтүп турат эле. Аны менен иш жүргүзүү маселе чечүү ушунчалык жеңил маданияттуу жана бири-бирин түшүнүшүү, биринчи кезекте мыйзамды урматтоо жана коомду таза болуу талаптары менен коштолуп турчу.
Садыр бир эле күн жумушта болбой калса баарыбыз эмне болду экен деп санааркап калчубуз. Анын жумушта урушу бизге дем, күч кубат берип турат эле. 2009-2010-жылдары Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алууда болуп кербегендөй коррупциянын алдын алуу аракеттери жүргүзүлгөн эле.
Мындан сырткары сот системасы менен укук коргоо органдарындагы мыйзамсыз көрүнүштөр менен өтө катуу иш аракеттер жүргүзүлгөн. Садыр Жапаров менен укукчу журналист Нышанбек Кочкоровдун биргелешкен «Комиссар эскертет» деген теле долбоору, эгер мен жаңылбасам кыргыз элин коррупция менен күрөшүүгө үндөгөн жана элдин бүйрүн кызыткан жападан жалгыз теледолбоор болгон.
Мына ушундай укуктук идеалогиянын жаралышы ошондогу президент Курманбек Бакиевди жана анын айлана чөйрөсүн катуу чоочуткан. Мамлекет, эл Садыр Жапаровдун коррупция менен күрөшкөн демилгесин болуп көрбөгөндөй маанай да колдой башташкан.
Ошондо Садыр Жапаров улуттук агенттиктин сыймыгы катары «Мекенчил» медалын даярдаткан. Аа бирок күтүүсүздөн эле улуттук агенттик өзгөрүлүп, анын майнаптуу иштери токтотулган. Анын улуттук деген статусу алынып, мамлекеттик кадр кызматына караштуу агенттик болуп кайра уюшулган.
Азыр ойлосом ошол кездеги Бакиевдик бийлик Садыр Жапаровго колдоо көргөзүп, коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин коомдогу ролуна колдоо көрсөтсө, бүгүнкү, акыркы сегиз жылдагы коррупциянын гүлдөгөн доору башка болмок.
Көрсө, Бакиевдик андан өткөн Атамбаевдик бийликтерге Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Карганбек Самаков сыяктуу эл сүйгөн таза мекенчилдердин коомго, бийликке кереги жок тура.
Алар бар болсо эл дайыма адилеттүүлүккө түздөнүп, мекенчил сезимдерде, бакыбатуулукка шыктанып жашайт. Бийликке мунун кереги жок. Бийлик дайыма мындай адамдарды абак жайларында кармап турса, тынч укташат.
А бирок мен акыркы жети жылымды Садыр Жапаровдой таза, мекенчил саясатчынын укуктарын коргоп, сот иштери менен талбай күрөшөм. Ушул жылдарда мен кыргыз элине чексиз ыраазы болдум.
Бийлик канчалык адилетсиздикке барып, Садырды камап кордосо да элдин ага болгон сүйүүсү күчөгөндөн-күчөп жүздөгөн, адамдар даңазалап ырларды жазышты, анын сүрөттөрүн түрдөп тартып сыймыктуу сөздөрдү жазып жатышты.
Көрсө чындык өлбөйт, наадандык жеңбейт экен. Бекеринен эл ак ийилет, бирок сынбайт деп айтпаптыр. Мен юрист кесибим менен жан баккан жана жашаган адвокат катары Садыр Жапаров сүттөй таза акталып чыгаарына ишенем жана жакында ошол күндү майрамдап белгилейбиз деп күн сайын алладан күч-кубат суранам.
Ал эми укуктук негиздеги бул даректүү баянымды Садыр Нургожоевичтин 50 жылдык маарекесине арнадым. Албетте менин баяным нукура далилдердин адилеттүүлүккө жетем деген ачуу чындыгы.
Бүтүндөй Бакиевдик, Атамбевдик бийликтер Садыр Жапаровду жамандап, аны жалаа менен абакка түртсө менин бул баяным чындыктын үнү катары Садырдын чыныгы айкөл элесин берип, адилеттүүлүктүн кашкайган жүзүн көрсөтөт деп ишенем. Ал гана турсун бүгүн кутман курак 50 жашка толгон «Мекенчил» партиясынын негиздөөчүсү.
Кыргызстанда акыркы он жылда коррупция менен туруктуу жана тайманбай күрөшкөн Садыр Жапаров Кыргыз элинин эртеңки жаркыраган, бактылуу келечегинин ээси экенине да колумду жүрөгүмө коюп бардык кыргыз элиме чоң ишеним менен айта алам.
Шарабидин Токтосуновдун «Садыр жана чындык» китебинен алынды 2018-жыл
Булак: NazarNews.kg