www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«5» деген баага татыктуу “отличник” партиялар:

"Мекеним Кыргызстан" – Парламенттик шайлоонун локомотиви, быйылкы шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясы боло тургандай. Бул партия карапайым элдин жашоосу үчүн күрөшүп келатат. Бирок, эмнегедир катуу соккунун бары ушул партияга урулуп жаткандай. “Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”-дегендей, бул партия бийликти деле мыкчып кармаган жок. Балким, эмки парламенттик шайлоодо жакшы добуш топтоп, бийликтин бир бучкагын чоюшса кыргыз элинин жашоо шартты ээ-жаа бербей өркүндөп кетер.

“Биримдик” - Эч кимге кастыгы жок, вассал болгусу келбеген жаштыгы бар. Талпынып учканы турат, бир учурда ушул партиянын лидери болгон Карганбек Самаков айкөл Манасты чүрчүттөрдүн куу тырмагынан куткарып кыргыз элине алып келген. Ала кийиз, шырдактарды, байыркы кыргыз шаар калдыктары Невакет, Суябды, боз үйдү ЮНЕСКОго каттатып келди.

“Улуттар биримдиги” - Кыргыз партиялык тармагына ѳз алдынча из салган, көз карандысыз партия. Атамбаев заманында бул партиянын лидерин көрдөн алып жерге, жерден алып көргө ыргытты эле, зулум сыртынан өкүм кылынган камак да бул партиянын эркин баш ийдире алган жок.

 

«4» деген баага татыктуу ударник партиялар

Кыргызстандын эң негизги жүгүн ушул партиялар тартып келатышат. Негизи мамлекеттин «каймагы» ушул партиялар:

“Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекен Ынтымагы”, РАЖ,  “Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, ЭрК, “Бүтүн Кыргызстан”, Жашылдар партиясы, СДПК.

 

«3» деген баага татыган «троишник» партиялар

Учурда үч жүзгө чукул саясий партиялар бар, алардын ичинде эптеп  «эт менен челдин ортосунда» тийип качып, ага-тууган, дос - тааныштар, куда – сѳѳктѳрʏнʏн «аптыракатын» көтөрүү максатында түзүлүп, кыбырап күн көрүп келаткан байлыктуу адамдардын партиялары: Бермет Акаевадан “Алга, Кыргызстан”, Эмилбек Каптагаев “Улуу биримдик”, Бабановдон “Республика”, Аскар Салымбековдон ”Эмгек”,  Темир Сариевден “Ак шумкар”, Кадыржон Батыровдон “Ватан”, Болот Отунбаевден “Бишкек шаарынын партиясы”, Улукбек Кочкоровдон “Жаңы доор”, Азимбек Бекназаровдон (бир кезде жакшы жетектеген) "Асаба”, Жантөрө Сатыбалдиевден “Бакубат Кыргызстан”, Кубанычбек Жумалиевден “Эл биримдиги”, Феликс Куловдон “Ар-Намыс”, Аликбек Жекшенкуловдон “Акыйкат”, Аргынбек Малабаевден “Улуу журт”, Жыпар Жекшеевден КДК, Исхак Масалиевден Кыргызстан коммунисттер партиясы,  Медет Садыркуловдон “Содружество”, Сарпашевден “Туран”, Аида Саляновадан “Күчтүү Кыргызстан”, Накен Касиевден “Элет”, Курманбек Байтерековдон “Калыстык бийлик”,  Бейшенбек Абдырасаковдон куруучулар партиясы, Анарбек Усупбаевден “Кыргыз эл”, Үсөн Сыдыковдон “Жаңы Кыргызстан”, Жеңиш Молдокматовдон “Замандаш-Современник”, Данияр Тербишалиевден “Аманат”, Дастан Бекешевдон “Ак ниет”, Турат Акимовдон,”Чоң казат", Мавлян Аскарбековдон «Эркин Эл», Кубанычбек Кадыровдон "Чындык", Тажикан Калимбетовадан “Абийирдүү Кыргызстан”, Эднан Карабаевден «Санжыра», Дастан Сарыгуловдон «Куттуу Эл», Сыймыкбек Бейшекеевден «Чындык» — «Правда», Максат Кунакуновдон ЛДПР, Абдыгул Чотбаевден “Партия Ветеранов и Молодёжи Кыргызстана”, Рустам Жунушалиевден “Аруу эл”, Артур Медетбековдон НДПК, Турсунбек Акуновдон Адам укугу, Тентиевден РНПК, Акбөкөн Таштанбековдон “Афганистан ардагерлери”, Токон Шайлиевадан “Новая сила” жана башкалар.

Калган партияларды тизмеге жазбай эле коёлу, бары бир аларды партия түзгөн адамдан башка эч ким тааныбайт.

 

«2» деген баага татыктуу болгон «двоишник» партия

Илгери «Солто элдин тогу, саяк элдин шогу, сарбагыш менен бугунун барынан жогу» деп коюшчу. Бүгүнкү күнү ««Троишниктер» элдин тогу, «ударниктер» элдин шогу, «двоишниктердин» барынан жогу»- деген сөз чыкты. Чын эле бул партиялардын барынан жогу болуп жүрбөсүн? Ооба, беш жыл иштеген партиялардын арасында кантип «2» алгандар болсун. Ал эмес «2» алгандарды парламентке жакын жолотушпаш керек.

“Куйруктуулардын” өкүлүнүн бири, элди алдап шайлоодо бир добуштун наркын 20 миң сомго көтөрөбүз деген “Бир бол” партиясы. Андан көрө добушка кеткен акчаны Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жумшаса,элдин жашоосу оңолмок беле?

Шамшыбек Медетбеков эки партия түзгөн: агрардык партия жана “Кыргыз элдеринин Конгресси”, бул экөөнө тойбой, “Аалам” гезитин сатып алып алып, “Олим” деп өзбекче чыгарып, сепаратист Кадыржон Батыровдун “Ватан” партиясын колдогон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости