www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Иманалиев кирген партиялар: 1.”Алга, Кыргызстан” –Аскар Акаевдин партиясы, 2. “Туран” Тайырбек Сарпашевдин партиясы, 3.”Ар-Намыс” Феликс Куловдун партиясы, 4. “Кыргызстан” Шакинин партиясы, 5. “Ата-Мекен” Текебаевдин партиясы , 6. “Мекеним Кыргызстан” Матраимовдун партиясы. 7. Ким билет? Октябрь айындагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясына кире качып, бирок тизмеге илинбей калган. Бул жигиттин “Эркин-Тоону” кантип ээлеп алганы тууралуу алдыда сөз болот. Азырынча өмүр баяны менен таанышып алыңыздар.
Иманалиев Каныбек 1969-жылдын 11-майында Чүй областындагы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
1987 – 1989-жылдары СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында аскер кызматын өтөгөн.1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. Эмгек ишмердүүлүгүн 1992-жылы «Асаба» эркин гезитинде корреспондент болуп баштаган, ал жерде 1994-жылга чейин иштеген. 1994 – 1995-жылдары пресс-кызматынын референти, 1996-жылдын январь айында пресс-кызматынын жетекчилик ордуна дайындалган, 1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Пресс-катчысы.
1999 – 2004-жылдары «Учкун» АКнун Президенти. 2000 – 2005-жылдары № 2 Жал округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты. Эл аралык жана парламенттер аралык байланыш боюнча комитеттин мүчөсү болгон. 2005-жылдын февраль айында № 62 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Бир катар мыйзам долбоорлорунун автору болгон..
2010-жылдын ноябрь айынан тартып «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан парламентке келатып, Иманалиев Каныбек мыйтып кетип, “Ата-Мекенге” кире качкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg