www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын «Барки точик» мамлекеттик энергохолдинги карызы бар бардык абоненттерге жарык жана жылуулук берүүнү токтотот. Тиешелүү буйрукка холдингдин башчысынын орун басары Мухаммад Гуломзода кол койду.
Ага ылайык, колдонгон электр энергиясы үчүн акы төлөбөй жүргөн жарандардан тышкары ондогон өндүрүш ишканалары да жарык жана жылуулуксуз калышы мүмкүн.
«Барки Точик» мындай чечим «энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана кышкысын бардык тармакты электр энергиясы менен камсыз кылуу» максатында кабыл алынганын билдирүүдө.
Ал ортодо Тажикстандын аймактарындагы жашоочулар акыркы эки жумадан бери күндүз электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанышууда. Бирок энергохолдинг эч кандай чектөө жок экенин, өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатканын билдирди.
Белгилей кетчү жагдай, Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.
2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.
«Барки точик» энергохолдинги Тажикстандагы 26 энергетикалык объектини көзөмөлдөп, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоо менен алектенет. $2,5 млрд ашык карызы бар компания өлкөдөгү эң ири чыгашалуу мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. Бийликтин маалыматы боюнча холдингдин каржылык абалын жакшыртуу үчүн $1,2 млрд талап кылынат. Бул каражатты табуу максатында тажик өкмөтү эл аралык донорлорго колдоо сурап кайрылган.
Булак: NazarNews.kg