www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын расмий өкүлдөрү Орусиянын Тоолуу Карабахтын статусун талкуулоону келечекке жылдыруу сунушуна макул. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 2-ноябрда парламентте билдирди.

«Билесизби, биздин орусиялык кесиптештер Тоолуу Карабахтын макамы боюнча маселени белгисиз мөөнөткө жылдыруу туура болот деп айтышкан. Бул учурда ар бир адам үчүн алгылыктуу статусун табуу объективдүү мүмкүн эместиги менен акталат.

Анын айтымында, Армениянын көз карашы бул позицияга толук жана 100 пайыз туура келет.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения менен Азербайжан күч колдонуудан жана аны колдонобуз деп коркутуудан алыс болушу керек деген пикирге келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости