www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча келишимди кайра карабайт. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин жетекчиси Улан Примов билдирди.

«Жыйынга 14 депутаттын 11и катышты, үчөө жүйөлүү себептер менен келбей калды. Чечим кабыл алынганда жети депутат "макул" деп добуш берсе, төртөө чыгып кеткен. Кворум маселеси жок. Регламент боюнча чечимди катышуучулардын көпчүлүгү кабыл алат”, - дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 31-октябрда Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишим талкууланып жаткан учурда комитеттин жыйынынан Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Кокулов жана Нуржигит Кадырбеков чыгып кетишкен.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу келишиминде кооптуу жагдайлар бар экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости