www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 2026-жылкы парламенттик шайлоонун алдында коомдук образын өзгөртүп, социалдык тармактарды активдүү пайдалана баштады. Ал саясатка байланыштуу билдирүүлөрдөн тышкары, ар кыл жанрдагы музыкаларды угуп отурган видеолорду бөлүшүп, өзүн кадимки, сезимтал адам катары көрсөтүүгө аракет кылууда.
Земфира, Леди Гага, Адель, советтик жана заманбап ырлар коштолгон бул роликтер Инстаграмда миллиондогон көрүүлөрдү жыйнап, айрыкча постсоветтик мейкиндиктеги жаштар арасында кеңири талкуу жаратты. Пашинян видеолор аркылуу түз кайрылууларды азайтып, сын-пикирлерге үн катпай, эмоционалдык фон түзүүнү тандады. Пашинян ушундайча соцтармак аркылуу өзүнө ыңгайлуу маалыматтык фон түзүп, шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүп жатат.
Эксперттердин баамында, бул ыкма бийликтин оптимисттик маанайды жайылтууга багытталган саясий коммуникация катары сыпатталууда. Соцтармактар Пашинян үчүн негизги саясий курал бойдон калууда. Дегенибиз, аны бийликке алып келген 2018-жылдагы нааразылык акциялары Фейсбук аркылуу уюштурулган эле. Жүз миңдеген адамдар Пашиняндын сүйлөгөн сөздөрүн түз ободон көрүшкөн.