www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тергөө комитети Казакстандын аймагында кырсыктаган Azerbaijan Airlines компаниясына таандык AZAL учагы боюнча кылмыш ишин токтотту. Бул чечим Азербайжанда олуттуу суроолорду жаратты. Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун айтымында, Москвадан келген каттын мазмуну түшүнүксүз болуп, Баку ага расмий жооп жолдогон.
Азербайжан Орусия учакка сокку урулганын тааныганын жана кенемте төлөнөрүн билдиргенин эске салып, өзүнө алган милдеттенмелер толук аткарылат деп үмүттөнөрүн билдирди.
Кырсыктын бир жылдыгына карата Казакстандын Транспорт министрлиги жарыялаган алдын ала отчётто учактын гидравликалык системасы катуу предметтердин соккусунан жабыркаганы айтылат. Комиссия учакка согуштук куралдын сокку уруучу элементтери тийгенин белгилеген, бирок алардын кимге таандык экени аныкталган эмес.
Эске салсак, 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан Embraer J2-8243 учагы Актаунун жанында кулап, 38 адам каза болуп, 29у жараат алган. Кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев кырсыкка орус тарап жооптуу экенин билдирген.
Владимир Путин кечирим сураганы менен, жоопкерчиликти толук мойнуна алган эмес. Бирок 2025-жылдын октябрында Путин кырсык Орусиянын абадан коргонуу каражаттары аткан ракета менен байланыштуу экенин моюнга алган.