www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалганын айтты. Министрдин маалыматында, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын казылган.

- Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасирин тийгизет. Бир канча алтын казган компаниялар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. 2030-жылы кубаттуулукту калыбына келтирип эле тим болбой, аны көбөйтөбүз. Мен көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм, - деген Машиев. 

Министр Терексай кенин иштетип жаткан компания кубаттуулугун жогорулатып, 1 тоннадан жогору алтын өндүрө баштаганын билдирген. Чаарат жана Үңкүрташ кендеринде 100 тоннадай алтын барын, экөөндө тең фабрика куруу пландалып жатканын белгилеген.

Машиевдин билдиришинче, өлкөдө жалпы эсептөөлөр боюнча алтындын кору болжол менен 1000 тоннага жакын. Анын басымдуусу Кумтөрдө. 2024-жылы геологиялык чалгындоо ишинин натыйжасында кендеги алтындын кору 147 тоннага көбөйгөн. Кумтөргө жакын Тоголок кенинин эсебинен алтын кору дагы 180–200 тоннага көбөйүшү мүмкүн.

Мамлекеттик комиссия өлкөдөгү күмүштүн корун 1200 тонна, жездикин 12 000 тонна, көмүрдүкүн 1,8 миллиард тонна деп аныктаган. Жыл сайын жүргөн жаңы эсептөөлөргө ылайык, бул көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн.

Последние новости