www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясынын Хаж жана умра министрлиги умра уюштуруу менен алектенген компаниянын жана анын чет өлкөлүк агентин келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу arabnews жазып чыкты.

Сауд Арабиясынын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым зыяратчылар кепилденген турак жайы жок келгендиги аныкталган. Ал эми турак жай кызматтары келишимде көрсөтүлгөнүнө карабастан, компания өз милдетин толук аткарган эмес.

Министрлик бул көрүнүш зыяратчыларга кызмат көрсөтүү тартибин одоно бузуу экенин белгилеп, компанияга жана анын чет өлкөлүк өнөктөшүнө карата мыйзам чегинде ыкчам чаралар көрүлгөнүн билдирди.

«Бул чаралар жабыркаган зыяратчылардын укуктарын коргоого, мындай учурлардын кайталанышына жол бербөөгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында да транспорт кызматындагы кемчиликтер үчүн умра уюштурган жети компаниянын иши токтотулган. 

Маалыматка ылайык, быйыл 3-апрелде эле Сауд Арабиясына умра зыяраты үчүн дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 1,7 миллиондон ашуун мусулман келген.

Последние новости