www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына кол коюудан баш тартты. Анын сөзүнүн тексти өкмөттүн сайтында жайгаштырылганын РИА Новости жазды.

Өкмөт башчынын айтымында, Ереван Армениянын аймагынан Азербайжандын аскерлерин чыгаруу боюнча Баку менен саясий-дипломатиялык иштин жүрүшүн тездетүүнү сунуштаган. Ал чыңалуу күчөп кетиши ыктымал экенин белгилеп, бул тууралуу октябрдын аягында ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась да билдиргенин айтты.

Армениянын премьер-министри эгер кырдаалга так саясий баа берилбесе, бул уюмдун союздук милдеттеринен баш тартканын гана билдирбестен, Бакунун Ереванга мындан аркы агрессиясы үчүн да жол ачып берерин түшүндүрө турганын кошумчалаган.

"ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы жана Арменияга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө" долбоору толук иштелип чыккан эмес деп эсептейм. Ошол себептен мен бул документтерге кол коюуга даяр эмесмин", — деген Пашинян.

Пашинян ЖККУнун уставына ылайык, уюмга мүчө өлкөлөрдү жамааттык негизде коргоодо саясий каражаттарга артыкчылык берилерин кошумчалады.

Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, "бир пикирге келе албаса дагы Армения ЖККУда кала берерин" айтты.

"Бул Армениянын пикири. Кандай болгон күндө дагы азыркы кыйын учурда мындай талкуу керектиги, ЖККУнун актуалдуулугу тастыкталды. Кызыкчылыгы бар бардык тараптар Армения менен Азербайжанга тынчтыкка жетүүгө жардам бериши керек", — деди Песков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости