www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Болот Темировдун иши боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, журналистти өлкөдөн чыгарууга анын тиешеси жок.

"Кечээ Болот Темиров боюнча соттун чечими чыккан, ага чейин Ички иштер министрлиги тергөө жүргүзүп, прокуратура бекиткен. Менин эмне тиешем бар? Мен эмес, биздин бөлүм эмес. Сот чечим чыгарган, анан Темировду өлкөдөн чыгарышты. Эмне кылышым керек эле? Бул тууралуу мен билген да жокмун. Түндө гана үйгө келгенден кийин билдим»,-деп ачууланды Ташиев.

Ал депутаттарды Темировдун ишин дыкат иликтөөгө чакырды.

Эске салсак, кечээ, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иш боюнча Свердлов райондук сотунун 28-сентябрындагы чечимин өзгөрттү.

Ага ылайык, Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине ылайык, өлкө мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде каралган тартип менен Кыргызстандан сыртка чыгарылат.

2022-жылдын 22-январында Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировду милиция кызматкерлери кеңсесине келип кармаган. Бишкек ШИИБи ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын баш коргоо чарасы каралып эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.

Болот Темиров коомчулукка иликтөөчү журналист катары таанымал. Ал Temirov LIVE YouTube каналы аркылуу "Эки күндө 37 миллион сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, Темировдун сайтындагы иликтөөлөрдө жазылгандардын баары чындыкка дал келбей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости