www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент жыйынында биздин өлкөдө канча президент бар деген суроону депутат Элвира Сурабалдиева төрага Нурлан Шакиевге берди.

"Биздин мамлекетте эки президент бардай. Бирөөсү шайланбаган президент, каалганын калчап, каалаганын коркутуп жатат. Алыңар аялга эле жетип калган болсо Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин да аялыңыз бар. 17 жыл мурун менин апамды чырылдатып, Бакиевдер атамды (ред. Жыргалбек Сурабалдиев) атып кетишкен. Ошондо 40 күн мени келип коркутушкан. Тарых кайра кайталанып жатат. Бул жакта сиз менин тиешем жок деп алдабаңыз. Эмнеге анда салык кызматы бир ай мурун келип кетти. Мына кечээ туулган күнүмдө Камчыбек Кыдыршаевичтин иниси торт берип, гүл берип куттуктады. Эмнеге менин туугандарыма мындай мамиле болуп жатат деген суроомо "сиз өзүңүз Кемпир-Абадга каршы добуш беребедиңизби", деп жооп берди. Муну кандай түшүнсө болот? Эмнеге майдаланып жатасыз. Өчөшүп бир депутатыбызды кабинеттен кууп чыктыңыз. Депутаттар сүйлөгөндөн коркуп калышты. Кечээ журналистти өлкөдөн чыгарып жиберишти. Сизге жакпагандын баарын кууп, атып эле салбайсыздарбы. Мен сизден абдан көңүлүм калды. Сиз жөнүндө оюм таптакыр башкача болчу" - деди депутат.

Төрага Нурлан Шакиев жеке маселени триубанада чечишпей, өз милдеттерибизди аткарылы деген пикирин билдирди. 

Өз кезегинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коюлган дооматтардын баары негизсиз экенин баса белгиледи.

"Мен сизди көргөн да, сүйлөшкөн да жокмун. Сиз менен эч кандай байланышым жок. Мамлекетте канча президент бар экенин билбесеңиз, анда уят. Журналисттин өлкөдөн чыгарылышына да мени жабыштыра бербеңиз. Аны ИИМ иликтеп, сот чечими чыкты. Менин бул жерде кандай тиешем бар? Мен керек болсо бул жөнүндө билген эмесмин. 2005-жылы атаңызды атып кеткен убакта мен депутат болчумун. 15 мүнөттүн ичинде мен жетип баргам жанына. Эч нерсе билбейт деп айта бербеңиз. Кимдин эмне кылганын да өзүңүз жакшы билесиз. Алар менен кайра достошуп жүрөсүз", - деди Ташиев. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости