www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 ЖККУ саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр талкууланды. Абалды жөнгө салуу оңой эмес экенин, буга карабастан иштер улантыла берет. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мындай пикир келишпестик, чыр-чатактан арылууга уюмдун саясий эрки жетиштүү. Президенттер аны чечүү керектигин түшүнүп жатат, бирок алдыда оңой эмес жумуштар бар. Аны чечүүгө аракеттер улантыла бермекчи", — деген Песков.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында такталбаган аймактардан улам байма-бай чыр чыгып келет. Акыркы ирет үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында тажик тарап кол салып, натыйжада Кыргызстан 50гө чукул кишисинен айрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости