www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карантин учурунда Ташкенттеги катардагы эки Патрулдук кызматтын кызматкерлери патрулдук унаанын ичинде кош бойлуу аялдын төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
"Аталган кызматкерлер түндө саат 2де постто нөөмөттө турган учурда Ташкенттеги көчөлөрдүн кесилишинде эки аялды көрүшкөн. Алардын бири кош бойлуу келин болуп, анын толгоосу башталганын көрүшкөн
2 кызматкер аларды унаага салып, шашылыш түрдө жакынкы төрөт үйүнө айдашкан. Бирок ага аз калганда келиндин төрөтү башталган. Бактыга жараша органдын 2 кызматкери профессионалдык билимин жогорулатууда биринчи жардам көрсөтүү курстарын да өтүшкөн кызматкерлер болушкан. Алардын жардамында жарык дүйнөгө 3 килограмм 100 грамм салмактагы наристе келген. Эне-бала сак-саламат дарыгерлерге өткөрүлүп берилген. Келин да кайненеси да органдын кызматкерлерин ыраазы", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg