www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу жамгырдан улам Пекиндин Ментугоу районунда калып калган 300дөн ашуун поезд жүргүнчүлөрүнүн акыркы тобу 3-августта эртең менен Пекиндин четиндеги Фэнтай темир жол станциясына аман-эсен жеткирилди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

Z180, K396 жана K1178 поезддери "Доксури" тайфунунун алып келген катуу жааган жамгырынан улам Пекиндин Ментугоу шаарынын чет жакасындагы сапарын үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болушкан.

Темир жол кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана полициянын куралдуу бөлүгүнүн биргелешкен аракети менен Z180 жана K396 жүргүнчүлөрү бар поезд таңкы саат 2:10до Пекиндин Фэнтай станциясына келди.

Буга чейин үч поезддеги бардык жүргүнчүлөр, анын ичинде бир күн мурун Пекиндин Түндүк темир жол станциясына жеткирилген K1178 жүргүнчүлөрү коопсуз жайга эвакуацияланган.

"Суу, электр жарыгы, байланыш жок болгондо тик учак бизге тамак-аш, суу алып келди. Биз абдан ыраазы болдук", - деди эвакуациялангандардын бири Фэнтай станциясына келгенден кийин.

"Чынын айтсам, алардын жардамысыз мен чыга алмак эмесмин", - дейт дагы бир жаран.

Өткөн дем алыш күндөрүнүн башынан бери Кытайдын баш калаасында нөшөрлөп жааган жамгырдан суу каптап, жолдор бузулуп  K396, Z180 жана K1178 үлгүсүндөгү үч поезддеги жүргүнчүлөр бара турган жерине жетпей, ара жолдо калышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости