www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде социалдык тармактарда, айрым адамдар элди көкүтүп, чагымчыл сөздөрдү айтуу менен алек болуп калды. Өкүнүчтүүсү, алардын мындай аракеттеринен инвесторлорго кооптуу жагдай жаралабы деп чочулайсың. Анткени, акыркы жылдары Кыргызстанда инвесторлорду шантаж кылган жагдайлар орун алган учурлар бар. Экономикабыз эңшерилип, өкмөт пенсия, пособиени кантип берер айласын таппай турган учурда, инвесторлордун жардамына муктаж болуп каларыбыз бышык. Ошон үчүн сындасак да, катуу кетпей инвесторлордун иштешине шарт түзүүгө аргасызбыз.

Чынында Кыргызстандын кендери ит бекер бааланып кетти деп кейигендерди биз да колдойбуз. Бирок кен берилип, инвесторлор иштеп баштагандан кийин аны эч кимибиз токтото албайбыз. Анткени, инвесторлор да ишти башташ үчүн ири суммадагы каражат салышат. Жогору жактан макулдук алгандан кийин гана ишке киришишет. Азыр жер үйдү иштетип жаткан компания кенди иштетүү укугун алуу үчүн конкурска катышып, 2015-жылы эле 100 млн. доллар төлөшкөн.

Кыскасы, 2015-жылдан 2020-жылдын 1-кварталындагы аралыкка чейинки инвестициясы 273 млн. доллар өлчөмүндө болгон. Ушунча каражатты коротуп койгондон кийин Жер үй кениндеги инвесторлор кет десе эле кетип калбайт да. Аларды кет дегенден көрө балким, иштетип мамлекетке пайда келтирчү жагын карасак деле болчудай...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости