www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда заманбап чыгармалар аныкталды

Россиядагы эң белгилүү делген чыгармалар аныкталды. Анын катарында жазуучу Гузель Яхинанын "Зулейха открывает глаза" романы бар. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматка таянсак, Россия күнүнө карата MyBook китеп сервиси 1992-жылдын 12-июнунан баштап жазылган бир нече чыгармаларды изилдеп чыгышкан.

Ошентип, рейтингдин сап башына Казандан чыккан жазуучу Гузель Яхинанын алгачкы жазган "Зулейха открывает глаза" романы чыккан.

Аны менен катар рейтингдин алдыңкы катарынан Андрей Курпатовдун илимий-популярдуу "Красная таблетка. Посмотри правде в глаза!" китеби, Лариса Парфентьеванын "100 способов изменить жизнь" эмгеги, Борис Акуниндин "Не прощаюсь" чыгармасы, Дина Рубинанын "Яблоки из сада Шлицбутера" аңгемелери да орун  алганы жазылган маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости