www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июнда Москва шаарынан 358 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келет. Учак Ош шаарына конорун Кыргыз өлкөсүнүн Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учакка отурган жүргүнчүлөрдүн арасында 2 жашка чейинки наристелери менен энелер - 63, улгайган 3 аял жана 229 кош бойлуу айымдар бар. Мындан тышкары бизнес-класстан өздөрүнүн каражатына билет сатып алган 4 мекендешибиз бар. Мекенге жөнөтүлүп жаткан жарандардын тизмеси элчиликтин алдында түзүлгөн штабдын жумушчу тобу тарабынан каралып, бекитилген.

“Бүгүнкү күндө өлкөгө кайтууну каалаган кыргыздар 6 миңден ашат. Мындай көп жаранды бир убакта учак менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мындан улам аптасына Москва-Бишкек жана Москва-Ош багытындагы эки каттамды ишке ашыруу пландалууда", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости