www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-июнда социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул окуя тууралуу NazarNews маалымат агенттигине ишеничтүү булактар төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Жабырлануучу аял тууралуу ар ким ар кандай сөздөрдү айтып жатат. Бирок ал ичпей эле эжесинин үйүнө 2 күн туруп келсе, бир күн ашыкча турдуң деп жолдошу видеотасмадагы жорукту жасап, аны атайын тарттырып, келиндин эжесине-кайнежесине жиберген. Эжеси видеотасманы далил катары колдонуп, милицияга кайрылыптыр. Тасмадагы киши аялына буга чейин да кордук көрсөтүп жүргөн окшойт. Анткени келин бул окуядан кийин дагы эч кимге кайрылбаптыр. Башка бирөөлөр милицияга билдирбесе чыдап жүрө бермек окшойт", - деп айтылат билдирүүдө.

Видеотасмадагы кордук көрсөтүп жаткан эркектин "видеого тарт. Экинчи жолу ушундай кылаарда ойлонот, сабак болот", - деген сөзүн угууга болот.

Эске сала кетсек, тасмадагы окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү саат 11:00 чамаларында Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Анда Сузак районунун 1969-жылы туулган Б.З.  аттуу тургуну үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, анын ичине кыштарды салып, чакалап суу чачкан.

Окуя боюнча 47 жаштагы жабырлануучу аял 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган.

Бул факты Сузак РИИБинин КЖБРине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренесине (Уруп-согуп кыйноо) өзгөртүлгөн.  

Зомбулук көрсөтүүгө шектелген 51 жаштагы Б.З. 11-июнда саат 18:00 чамаларында Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости