www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.

Жыйында, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди.

Мыйзам долбооруна бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Анын ичинде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүн төлөөнү токтото туруу сунушталууда.

Ошондой эле, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта иштеген аял кызматкерлердин пенсияга чыгуу курагын 58ден 60 жашка көтөрүү пландалууда. Бул ишти 2025-жылга чейин этабы менен ишке ашыруу пландалган.

Андан тышкары, жеңилдетилген категориялар боюнча, пенсияга чыгуу курагын пенсияга чыгуунун жалпы белгиленеген курагына ылайык келтирүү сунушталууда.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү көтөрүлүп, 3 миң 170 сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости