www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, жазма акын, агартуучу, ойчул, философ, тарыхчы жана саякатчы Молдо Нияз атабыз менен саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовго арналган эл аралык маанидеги иш-чараларды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты  «Молдо Нияз мурастары» коомдук фондунун негиздɵɵчүсү Айтмат Азамжанов билдирди.

"Абройлуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялаганынан кабарыбыз бар. Бир жыл ичинде түрк дүйнөсүндө кыргыздын улуу актрисасы, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын таланты, өмүр жолу даңазаланат.

Бүгүн эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев агай менен сүйлөшүп, дагы бир кубанычтуу кабарды уктум. ТҮРКСОЙдун 2023-жылкы иш планына улут сыймыктары Молдо Нияз менен Төрөкул Айтматов белгиленет. Бул долбоор, бул чечим жөнөкөй эмес.

Кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, жазма акын, агартуучу, ойчул, философ, тарыхчы жана саякатчы Молдо Нияз атабыз менен саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовго арналган эл аралык маанидеги иш-чараларды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан өткөрүлөт.

Маани берели!

Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Мажарстанда жана Түркмөнстанда жыл ичинде Бакен Кыдыкеева, Молдо Нияз, Төрөкул Айтматов тууралуу эл аралык маанидеги маданий иш-чаралар, көргөзмөлөр,илимий-конференциялар, адабий кечелер өткөрүлөт. Молдо Нияздын жазып калтырган китептери түрк элдеринин тилдерине которулат.

Ал эми 2023-жылы Кыргызстанда Молдо Нияздын 200 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилениши күтүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун мүчөлөрү даярдык иштерин жүргүзүүдө. Агартуучу атабыздын сабатсыздыкты жоюу максатында балдарды окуткан мектеп үңкүрүнүн айланасында реконструкциялоо иштери жүрүп, чыгармачыл инсандар санаттарын жайылтып жатышат.

Биз аларды эстеп, эмгектерин баалоого милдеттүүбүз!", - деди Азамжанов.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости