www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара постуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Бек-Абад чек ара өткөрмө пунктуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү жана постту ачууга даярдыктар менен таанышты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толук аныкталып бүткөндөн кийин, эки өлкөнүн ортосундагы бир нече өткөрмө постторду ишке киргизүү макулдашылган. Анын ичинде Жалал-Абад облусунан 6, Оштон 3 чек ара өткөрмө постту ачылуусу күтүүлүүдө.

"Бек-Абад" чек ара посту жөө адамдарды жана унааларды өткөрүүгө ылайыкталууда. Кирип чыккандарды каттоо үчүн жалпы алты терезе орнотулуп, күнүнө 7-8 миң кишини тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 

"Бек-Абад" чек ара  өткөрмө пункту Жалал-Абад облусун Өзбекстандын Андижан облусу менен бириктирет. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 15 чек ара өткөрмө бекеттери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости