www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санаалаштарын санаага салган куйту Текебаев

Өзүн экинин бири, мыкты саясатчы санаган Өмүрбек Текебаев учурда Германияга элчи болуп кетип, жанынын тынчтыгын каалап өмүр сүрүп жаткан кези. Бир чети туура эле болду. Жаштыгын жалаң оппозицияда жүрүп өткөрдү. Ошондо деле, ыңгайына жараша тиги жээкке, бул жээкке ойноп, өзүнүн кызыкчылыгында иш кылды. Эми алтымыштан ашканда өзү айткандай президентке «жүгүнүп туруп кол чаап» элчи болуп кетти. Артында ээрчий турганы калбаганын кеч болсо да түшүнгөнү жакшы болду. 

Айрымдар, Текебаев бул бийликтин кандай саясат жүргүзөөрүн эки жыл мурун эле көзү ачыктай айткан деп жерге-сууга тийгизбей мактап, көрөгөч саясатчы катары даңктай коюп жатышат. Бирок ошол: «Көп күтпөйсүңөр, ашып баратса эки жыл. Мен адамдардын мүнөзүн билем. Неге жөндөмдүү экенин да жакшы билем. Жүгүнүп туруп кол чаап, түптүз Түркмөнстандагыдай болосуңар», - дегенди айтканын ачылыш катары карагандар бар.

Ырас, чынында туура айткан. Бирок ошондой экенин көрүп, түшүнүп туруп, булардын саясатын колдоп, жанынын тынчтыгын биринчи орунга коюп, өзү биринчи жүгүнүп, кол чаап элчиликти алып, башкаларга үлгү көрсөтүп, текедей жол баштап кетип калганы итчилик болуп жатпайбы?  

Демек, мактоого татыксыз, актоого мүмкүн болбогон саясий катага жол берди. Үлкөн саясатчынын карьерасы элчилик менен аяктайт деп ким ойлоптур? Антейин десең, ыңгайлуу учурду күтүп арамзалыгын карматып отурат дегендер көп. Чындыгында башынан куйтулукту мыкты билген Текебаев, бир нерсе болсо элчиликти таштап жетип келет, элим үчүн жаным курман деген жөө жомокту айтып…Болгону азыр андай кадамга барбайт. Себеби, жылуу орундан айрылгысы келбейт.

Эгер чындап мекенчил болсо, Кемпир-Абад кетип жатканда, Баткенде эл кырылып, тажиктер басып киргенде бийликтин саясаты туура эмес болуп жатканын айтып бир ооз үн катат эле. Жок, кумга башын тыгып, өлүмүш позицияны кармап, эч нерсе көрбөгөн, укпаган, билбеген адам болуп олтурду. 
Мейли, ага да макул дейли. Жакында Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова баштаган “Ата Мекен” партиясынын айымдары камакка алынганда колдоп, коргоп чыккан жок. Кыйын болуп келди эле, УКМК эки саат суракка алып койсо, мышыктай жыла басып кайра Германияга жылт койду. Аттиң, адамдын адам экени адамдын башына оор иш түшкөндө гана билинет эмеспи?

Дал ушул айымдар Текебаев камалгандан чыкканга чейин колдоп, коргоп, сотунда, митингде жүрүшкөн. Эгер,Текебаевдин адамгерчилиги болсо, чындап демократиялык баалуулуктар, адам укугу менен күрөшсө, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып, "ме элчилигиңерди" деп кызматын өткөрүп берип баса бермек. Ага эрки жеткен жок. Башын да ооруткан жок. Кызыкчылыгы болбогон соң, жылуу ордунан козголгусу келбеди. Ушунун өзү эле Текебаев жеке керт башынын кызыкчылыгы болбосо, эзели кө.үгүн көтөрбөй турганын айгинелеп койду. 

Буга караганда Атамбаев чыныгы лидер, көк жал экен. Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаевалар камалып жатса, мен чет өлкөгө кетип калганым болмок беле деп Путин самолёт жиберип алдырса да, Кыргызстандын түрмөсүндө өлгөнүм артык деп камакта отурат.  

Ошентип, 30 жылдан бери бийлик Текебаевдин тилин таппай келген болсо, президент Садыр Жапаров 3 айда анын тилин таап элчи кылып шайлап, тилин майлап койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости