www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исландия пенсияга чыккан адамдардын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу өлкө деп табылды. Мындай иликтөөнү Франциянын Natixis инвестбанкы жүргүзгөнүн РИА Новости жазды. 

Швейцария экинчи орунду ээлесе, үчүнчү сапка Норвегия жайгашкан. Ирландия жана Нидерланддар алдыңкы бештикти толуктаган.

Изилдөөнүн авторлору 44 мамлекеттеги пенсионерлердин жашоо деңгээлине жана каржылык коопсуздугуна байкоо жүргүзгөн. Анда ден соолук, финансы, материалдык жыргалчылык жана жашоонун сапаты категориялары боюнча 18 түрдүү көрсөткүчтөрдү талдоого алышкан.

Эксперттер ошондой эле социалдык, экономикалык, каржылык жана ден соолукка байланыштуу тобокелчиликтер көбөйгөндүктөн, өзгөчө коронавирус пандемиясы тушунда карылардын бейпил жашоого болгон ишеними коркунучка кабылганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости