www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир пенсионерден 200 сомдон алып жатышат деген маалымат боюнча конкреттүү жаран арыз менен кайрылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелдеги жыйында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын жетекчиси Жаныбек Жолборсов билдирди.

Жыйын учурунда "Кыргыз почтасы" ишканасынын өкүлүнө жаран тарабынан "Ар бир пенсионерден 200 сомдон кармап калып жатышат. Пенсияны кармап калгандар кол топтоп жүргөнү айтылууда. Эмненин негизинде акча жана кол топтолуп жатат?" деген суроо берилди.

"Ушундай маалыматтар бизге да телефон аркылуу келип жатат. Ал адамдарга ошол акча алып жаткан адамдардын аты-жөнүн, телефонун бергиле десем, андай маалыматтарды бере албай жатышат. Биз почта кызматкерлерине пенсионерлердин акчасын толук жеткирип бергиле деп катуу талап койгонбуз", - деди Жаныбек Жолбосоров.

Маалыматка караганда, жалпы Сузак районунда 29 миң пенсионер бар. Өзгөчө кырдаал киргенге чейин 9100 пенсионерди "Кыргыз почтасынын" Сузак райондук филиалы тейлеп келген. Ал эми 19 миңден ашык пенсионерди банк мекемелери тейлечү.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости