www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде брифингде сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолуп өттү:
2020-жылдын 21-апрелинен 22-апрелге караган бир күн ичинде областтын аймагында баары болуп – 21 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 6 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2038 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 7 атуул, ал эми Сузак районунан – 5 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 129 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 144 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакыруу менен учурдун талабы биз карыларга, аксакал аталарга, ак элечек апаларга кам көрүүбүз зарыл.
Аларды мындай кырдаалда кароосуз калтырбай, аларга көмөктөшүүгө чакырам. Бул багытта мамлекет, жергиликтүү бийлик жана комендатура да толук кандуу иш алып барууда, “Карысы бардын – ырысы бар” - деди Жеңиш Жоробеков.
Булак: NazarNews.kg