www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев ынтымак жана ынтымактуулуктун натыйжасы эмнеге алып келери тууралуу пикирин NazarNews агенттигине билдирди.

“Ынтымак менен ырыскы бир тууган. Ынтымак болгон жерде ырыскы насип болот. Ынтымак сөз, мамиле аркылуу, мээрим аркылуу ишке ашат. Мээрим да, мамиле да жүрөктөн чыгып, жүрөк аркылуу ишке ашат. Ал эми жүрөк энергия булагы, жүрөк токтогондо өмүр бүтөт, дене муздайт. Ал эми энергия магниттик күчкө ээ болот. Ошол энергия сөз аркылуу башка организмдерге таасир берет. Демек сөз тартуучу же түртүүчү магниттик күчкө ээ болот. Демек ынтымак тартуучу күчкө ээ болгон сөздүн магниттик күчүнүн практикада колдонушунун белгиси. Көздүн да энергиясы бар, магниттик күчү бар. Бир туугандар бат бат киришип турса, магниттей бири-бирине тартылып, көргүсү келип ынтымагы арта баштайт. Ошондуктан мээрим көздө деп коёт. Демек мээрим көз аркылуу берилет. Көздөн, сөздөн, мээримден, ысык мамиледен ынтымак бекемделет. Бир сөз менен денеден чыккан магниттик энергиядан ынтымак пайда болот. Бир үй-бүлөнүн ар биринин оң энергиясынан, оң оюнан үй-бүлө ынтымагы келип чыгат, ал эми бардык үй-бүлөлөрдүн магниттик энергиясынын тартылышынан бир элдин ынтымагы пайда болуп, ынтымагы бекемделет. Ошондуктан башка элде, башка жерде бир элдиктер бири-бирин көргөндө эле тартылышып жакындап, бири-бирин колдоп турушат.

Ынтымактан сүйүү пайда болот. Ошондуктан бир туугандык, боорукердик сүйүү, элди, жерди сүйүү деген сүйүүнүн түрлөрү бар. Бул эң негизги сүйүү. Эгер элди, жерди сүйбөсөң, урук-тууганды сүйбөсөң, анда сен үчүн жашоонун түгөнгөнү, өмүрүңдүн өчкөнү, элге, жерге батпай же тууганга жакпай ызаатың жок, сыйың жок жан дүйнөң жабыркап, арсыз жашоо башталып өмүрлөр кыскарат. Сүйүү жок жерде ынтымак жок, мамиле жок, боорукердик сезим жок. Жердин да магниттик энергиясы бар, киндик каны тамган пенделерди өзүнө тартып турат. Ошондуктан алыскы сапарда жүргөндө туулган жерин сагынат. Туулган жериңдин топурагы алтын деп баалашат. Ким кайсы жерде туулса, ошол жер сенин энең. Туулган жер, энең сени эңсеп өзүнө тартып, азыгын колдоп күтүп турат. Ошондуктан, кыргыздар алыста жүргөндө жайлоого барып, кымыз ичкиси келип эңсесе, өзбектер мөмө-жемишин эңсейт, ар бир өз жер энесинин арнаган азыгын эңсейт. Ошол жердин, элдин, үйбүлөнүн магниттик бири-бирине тартуу күчү – ынтымак. Кудайым ар бир элге жерди, жер аркылуу ырыскы берген. Ошондуктан ынтымактуу элди Кудай колдойт деген сөз бар. Ынтымак болгон жерде Кудайым ырыскыңды түбөлүккө насип этет, ынтымак бузулганда ырыскыңды, байлыгыңды башкага тарттырып, ынтымак менен ырыскынын кадырын сездирет. Ынтымагы кеткен эл ырыскыдан айрылып, душманына тарттырып азабын тартат. Ынтымак – ойдун магниттик күчү. Ой бузулганда ынтымак бузулат, ырыскы качат”,-деп билдирди жазуучу Кеңешбек Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости