www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ каражат боюнча Конгресс менен макулдашуу жок болгондуктан өзүнүн армиялык запастарынан Украинага жаңыдан курал берүү жаатында унчукпай турган болду. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдерге таянып жазды.

"Албетте, президенттик укуктун алкагында жаңы жардамдарды бөлүү боюнча эч нерсе айтылбайт, жар салынбайт. Биз дагы деле Конгресстен кошумча каржылоону күтүп жатабыз", — деген ал брифинг учурунда Пентагон жаңы көмөк туурасында маалымат берер-бербеси боюнча суроого жооп узатып жатып.

Райдер Киевге курал мурда кабыл алынган "Украинанын коопсуздугун колдоо" чечиминин алкагында өндүрүштүн көлөмүнө карата берилип турарын белгилеген.

Буга чейин РФ НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.

Кремль Киев бийлигин тишине чейин куралдандыруу россия-украин сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизерин айткан. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости