www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш "Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алды.

Демилгечи депутат Медер Алиев дарыканаларда күчтүү таасир этүүчү заттар дарыгердин рецепти жок эле сатылып жатканын билдирди. Мындан жашы жете элек балдар да пайдаланып, баңгизат катары колдонуп жатышканын айтты.

"Мурда жаштар темеки чегип, сыра, арак ичип жүрүшсө, азыркылар "дарыкана баңгилигине" өтүп кетишкен. Анын кесепетинен кыз зордуктоого чейин барган фактылар бар. Соңку учурда өспүрүмдөр арасында баӊги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды колдонуу күчөп баратат. Мындан тышкары, дарыканаларда, интернет тармагында бул багыттагы заттар эркин сатылууда", — деди Алиев.

Токтомдо жашы жете элек балдарга күчтүү психотроптук заттарды сатууну токтотуу, сатып бизнес кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана баңгизат саткан интернет дүкөндөргө өз учурунда бөгөт коюу камтылган. Бул иштерди аткаруу ИИМ, Саламаттык сактоо, Санариптик өнүктүрүү жана Билим берүү министрликтерине тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости