Перзидент алгачкы расмий сапар менен Тажикстанда
Расмий кабарлар  |   |  677

Расмий сапар менен барган Тажикстанга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 1-февралда премьер-министр Кохир Расулзаде Дүйшөмбү аэропортунан тосуп алды.

Аба майданга ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илингенин кыргыз мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки күндүк визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы, парламент төрагасы менен да кезигип, сүйлөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями