www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш маалымат каражаттарынын Орусиянын куралдуу күчтөрү Мариуполь шаарынын тургундарын Орусияга күч менен алып кетип жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, андай маалыматтар жалган. Песков: «Жарандар Орусиянын аймагына күч менен киргизилбейт», - деп баса белгиледи.
«Жарандар Орусиянын аймагына күч менен киргизилбейт. Андай болушу мүмкүн эмес. Орус аскерлери жайкын тургундарга Мариуполду таштап, жашоого кооптуу жерлерден кетүүгө жардам берип жатат. Алар [аскер кызматкерлери] жардам беришет, белгилүү болгондой, бул адамдар бул конуштарды таштап кетүүгө аракет кылганда коркунучта болушат, анткени аларды жөн эле артка атып салышкан. Бул эсеп боюнча», - деди ал.
Ошондой эле, ал Орусияга келген шаар тургундарынын баары өз ыктыяры менен келишкенин белгиледи.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg