www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талгарбековдун экс-президент Акаевди элине алып келгени бир топ саясатчылардын оюн уйгу-туйгу кылды. Дагы бир экс-президент Атамбаевди камактан чыгарыш үчүн миллиондорду чогултуп, башаламандыкка даярданып жаткан Сапар Исаков Москвада мыйыгынан күлүп отурат.  Экс-президент Бакиевди элине алып келүүгө учур келди деп апрель баатыры Кайып Шер баштаган топ күүлөнүп турат. Анын бул тилегин колдогон Талгарбеков Акаевди алып келген чоң тажырыйбасы ортого салгысы келип тургандай.  2010-жылы апрелде Бакиевдин бийлигин алып Убактылуу өкмөттү бийликке алып келгендер кеч болсо да катасын түшүнүп, оңдоого аракет кылууда. Анын бири 2013-жылы Ахматбек Келдибековду камаганда «протест» кылып «Апрель баатыры» медалын тапшырган Кайып Шери Белорусияга барсам да Курманбек Салиевичке анын ак экенин түшүндүрөм деп турат.

Соттун чечимине ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга, ошондой эле реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган эле. Аны менен кошо экинчи даражадагы "Манас" ордени алынган. Октябрь окуясынан кийин эркиндикке чыгып, аянттан ары чет өлкөгө качып кеткен. Бийликке каршы башаламандыкка даярданып жаткан Сапар Исаков түрмөдөн 17 миң сом карызы бар. Экс-премьер-министр Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которулган. Исаков менен колонияда бирге болгон зэк ал тууралуу төмөнкү окуяны айтып берди: «Эркиндик менен коштошконума 5 жыл болду. Бизде мыйзам иштебейт тура. Өмүрүмдүн 5 жылын акыйкат издеп жүрүп өткөрдүм. Таң калычтуусу Кыргызстандагы аттуу-баштуу инсандар менен түрмөдөн жолугуп, маектешип каламын деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бир күнү бийликтеги атактуулардын катарында турган Сапар Исаков бизге келип кошулду. Ал «рота» деп коёбуз, канча киши болсо ошонун баары менен эки колдоп ийилип саламдашчу. Бактысы бар экен октябрь окуясынан кийин эркиндикке чыгып кетти. Ал жөнүндө айтыла турган сөз көп. Кызыгы, Сапар түрмөдөгүлөрдү да 17 000 (он жети миң) сомго алдап кетти, анын бул кылганы туура эмес» – деди, атын атагысы келбеген зэк.

Өлкөнүн ар бир жараны сыяктуу эле акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуялар жүрүп жатат. Аскар Акаев башкарган, мамлекет үчүн майнапсыз 15 жылга токтолгум да келбейт. Анын бардык кемчиликтери, коррупция жана өз элине карата чыккынчылыгы жөнүндө жетиштүү айтылган. Ошентсе да, өткөн эки-үч революцияга карабастан, өлкө бүгүн кез келген экономикалык жана саясий кырдаалды эч ким олуттуу талдаган жок. Эч ким мамлекеттик жана коомдук менчикти приватташтыруу шылтоосу менен өз элин тоношкон “журт аталарынын” жана алардын жан жөкөрлөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берген жок. Бул масштабдуу афералардын жана коррупциянын, бийлик жана кылмыштуу дүйнө тарабынан өлкөнү каптаган өзүм билемдиктин четин билүү менен эле эл эки-үч революция жасалды. Ал учурда эл.Акаевди кулатууга салымын кошкондордун ар бирин колдогон, андан да анын чөйрөсүн кубалаганга көбүрөөк кубанышкан.

Бардыгы бул бийлик уурдалган мамлекеттик менчикти кайтарат, өлкөнүн экономикасын көтөрөт, мыйзамдын үстөмдүгүн жарыялайт жана жарандын укугу менен эркиндигин коргойт деп Убактылуу Өкмөттөн үмүттөнүшкөн. Баарынан да эл мурдагы шылуундар жасаган сыяктуу мамлекеттик менчиктин жана кызматтардын кайтадан бөлүнүшүн каалаган эмес. Пикирлердин плюрализмин, таза шайлоолорду жана чыныгы сөз эркиндигин, а башкысы – жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принцибинин – күнөөсүздүк жөнүндө презумпциянын камсыздалышын каалаган. Бирок айрым партиялардын жана коомдук кыймылдардын мүчөлөрүн камакка алуу менен байланышкан окуялар Атамбаевдик  бийликтин саясатындагы артка кеткен процесстер жөнүндө күбөлөп турат. Атамбаевдик бийлик өз максатына жетүү үчүн мурдагылар тарабынан тапталган жол менен кеткен. Териштирбестен туруп эле, чын-төгүндү койгулаштыруу менен алардын өлкөнү өнүктүрүү үчүн ойлонулбаган жана майнапсыз саясатына каршы сүйлөгөндөрдүн баарын камашкан. Мында бул ишке кылмыш-жаза укугунун «А»сын түшүнбөгөн, ал гана эмес «кылмыш курамы» деген сыяктуу укуктук категория бар экендигин билбеген, а эң башкысы – далилдерди жасалмалагандык үчүн, адамды билип туруп мыйзамсыз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жана камоо үчүн жоопкерчилик бар экендиги жөнүндө билишпеген тажырыйбасыз тергөөчүлөрдү тартышкан. Ооба, эл өз амбициялары, бийликке кайра келүү үчүн дагы бир революцияны эңсегендерден тажады. Жана коомдук аң-сезимди мындай козутуучулар менен иш жүргүзүү керек, бирок, Акаевге окшоп калбаш үчүн, мыйзам алкактарында жүргүзүү зарыл. Башкаларды айтпаганда да “убактылуучуларга” оппоненттер менен мындай күрөштүн кесепеттери жөнүндө белгилүү болууга тийиш эле. Биз өлкө жетекчилигинин экономикалык кризисти ооздуктоодогу, өзгөчө социалдык маселелерди чечүүдөгү аракетсиздигин жоон терибиз менен сезгенбиз. Жана бийлик мындай абалды өзүнүн жөндөмсүздүгү менен түзгөн. Атамбаевчилер канча актанбасын абал жан кейитерликке жеткен. Албетте, мындай жагдайлар Атамбаевдик  бийликтин оппоненттерине ар кандай аракеттерди көрүүгө чакырык таштаган. Бийликтин мындай кудуретсиздиги абалында алардын ар кандай кыймыл аракеттерин “бийликти күч менен басып алууга даярдык” катарында мүнөздөөгө болбойт. Бул бийлик үчүн күрөштөгү мыйзам ченемдүүлүк. Президенттин айланасы болсо коомдогу иштин абалына туура баа берүүнүн ордуна, фактыларды бурмалап керектүү жагына козутуу менен аша чаап кетишкен. Муну “Элдик парламент” менен болгон окуядан көргөнбүз.

 Мыйзамдын жана жөнөкөй логиканын көз карашынан териштирүүгө аракеттенели. Калк тарабынан бир убактагы агрардык республиканын экономикасынын айыл чарба секторун башкы өнүктүрүүчү катары кабыл алынган Бекболот Талгарбеков бир нече жылдан бери өзүн бийликке оппозиция катарында көргөзүп келген. Кыргызстандыктар анын аракеттерин мурдагы убакытты эңсөө катары кабыл алгандар болгон. Чындап келгенде ким менен бириккенди жана тынч акцияларды өткөрүүнү кааласа да, бул - анын конституциялык укугу. Кабатырлаткан нерсе башка, Атамбаевдин муну түшүнбөгөндүгү. Же түшүнөт, бирок, башкаларга сабак болсун деп аны жана анын шериктерин “айыпка жыгуу” менен аларды элдик баатырлар– саясий туткундар кылуу тобокелчилигин жаратып алгандыгында. Минтүү менен элдин алар жөнүндө пикирин таптакыр тетири өзгөртүп алган, ошондо жөнөкөй көпчүлүк аларга кошулууга умтула башташкан. Бекболот Талгарбековго жана анын коллегаларына тагылган кылмыштардын объективдүү жагына токтололу.

Атамбаев бет тырмаарлык менен каматкандар, эмнеге камалып жатканын билишпей, акталып чыгышкан. Талгарбековдор таптаза акталып, аларды каматкан Атамбаев камалып жатат. Атамбаевдин тушунда Талгарбеков бийликти басып алуу аракети боюнча айып менен 14 жылга соттолуп, андан үч жыл өткөн соң эркиндикке чыккан Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде чоң катачылык кеткен эле. Оппозициялык «Элдик парламент» коомдук уюмунун мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаев экөө 14 жылдан, Марат Султанов 10 жылга «мамлекеттик бийликти басып алышмак болгон» деген жалаа менен соттолушкан. Анын төрт жыл үч айын абакта жабык режимде отурушкан. Ал эми Жээнбековдун бийлигинде жартылай акталышып, моюндарында беш жылдык мөөнөт калтырылган. Жогорку сот алардын ишин кайра карап, толук актоо өкүмүн чыгарган. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген кыргыз элибиз.

«Элдик парламент» кыймылынын лидери Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берип, андан 17 млн сом компенсация талап кылган. Талгарбеков моралдык зыяндын өлчөмүн 17 млн сомго баалаган, анткени айыптоо аны 2016-жылы 17 жылга камоону суранган. Натыйжада анын жаза өтөө мөөнөтү 14 жылга чейин кыскартылган. «Атамбаев мурда деле жана жакын арада “Апрель” телеканалына курган маегинде да мени мамлекеттик төңкөрүш жасайт деп айыптады мунун баары чындыкка коошпойт», — деген ал. Андан тышкары, КТРК телеканалын андан кечирим суроону талап кылган. Талгарбеков гезит менен телеканал анын «ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жайылткан» деп эсептейт.

Бекболот Талгарбеков — 2016-жылы түзүлгөн «Элдик парламент» бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыймыл ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылган. Атамбаев өзү «Элдик парламенттин» катышуучуларын «чет элдик генералдар менен байланыштыгы бар» деп айыптаган. Талгарбеков менен кыймылдын дагы башка катышуучуларын бийликти митинг аркылуу басып алуу боюнча ыктымал телефондук сүйлөшүүлөрү интернетте тарап кеткенден кийин 2016-жылы кармашкан. Натыйжада Талгарбеков жана бирикменин башка катышуучулары беш жылга шарттуу түрдө кесүү мөөнөтүнөн тарта 14 жылга чейин эркинен ажыратуу абак жазасын алышкан. Абактан чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканын билдирген.

«Биз камалган учурда “мамлекеттик төңкөрүш жасайм деген” жалган түздөн-түз күнөөлөгөн. Бул өтө оор айып болуп саналат. Ошонун айынан мен үч жылга жакын абакта отуруп чыктым. Эми сотто бул сөздөрдү кайсы жерде айтканымды далилдеп берсин. Мени 17 жылга кесүүгө аракет кылышкан үчүн моралдык кенемте катары 17 миллион сом талап кылып жатам. Азыр документтеримди топтодум, эртең адвокатым менен жолугушам», — деген Талгарбеков. 2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесине ылайык 14 жылга соттогон. 2018-жылы 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. 2019-жылы 7-мартта үч жылдан бери абакта жаткан “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости