www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик газды рубль менен сатып алуудан баш тартса, Орусия аны акысыз жеткирип бербейт. Бул тууралуу орус президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз кайрымдуулук кылбайбыз. Чыгыш Европага газ бекер жөнөтүлбөйт", — деген Песков PBS телеканалына англис тилинде берген маегинде.
Алып баруучунун: "Акы төлөбөгөндөрдүн газы өчүрүлөбү?" – деген суроосуна маалымат катчы: "Төлөм жок болсо, газ дагы жок", – деп жооп берген. Ошол эле учурда, ал газ үчүн рубль менен алуудан баш тарткан учурда көрүлчү аракеттер тууралуу соңку чечим чыга электигин билдирген.
Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 23-март күнү Орусия кастык мамиледеги мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ менен Европага газ менен россиялык товарларды алардын валютасында сатуу маанисиз экенин билдирген. Путин Борбордук банкка Европа менен эсептешүүлөрдү рублге өткөрүүгө бир жума убакыт берген болчу. Ал ошондой эле газ келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жана баада жеткирилерин кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg