www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер бир олуттуу ишти кылсаң, жалгыз кара максат башыңды ойлобой, элди да, жерди да, бу дүйнөнү да, о дүйнөнү да ойло, болбосо уят болуп калышың мүмкүн деген нарк.
Бердибек Жумабаев - доцент: Ой ойлосоң тең ойло, тең ойлосоң кең ойло деген макал кыргыз наркынын туу чокусу десек болот. Мунун жеке адам менен коомду бириктирген, аларды бири бирине шайкештеген теңдешсиз касиети бар.
Адамдын укугун кээде коомдун укугунан жогору коюп жатабыз. Бир адамга кээде партиянын да алы келбей калып жатат. Биздин ата-бабаларыбыз ушул бир макал менен адам коомунун адамча жашоосунун мыйзам ченемдүүлүгүн аныктап койгон.
Нурак Абдыракманов - Кыргыз эл артисти: Теңдик болгон жерде гана талаптагыдай өсүш болоорун биздин ата-баба билген. Кыргыздын мен деген сөзү баарынын башаты сыяктуу. Кытайлар Кудайды таң дейт, жапандар болсо тең дейт.
Биздин теңирчилик да ошондон келген. Өгүз хан бабабыздын тушунда кыргызга чоң теңдик орноп, чоң кагандык түзүлгөн. Азыр теңдикти тим коюп, өзүңдү кара деген заман башталбадыбы.
Ашырбек Бакашев - генерал-майор: Ой ойлосоң тең ойло, тең ойлосоң кең ойло деген кыргыз коомунун эң башкы эрежеси болгон десек болот. Бул кичине баладан карыган чалга чейин, аялбы же эркекпи, баатырбы же майып мунжубу, ошонун баарын камтыган түшүнүк.
Бардык жагынан адилет, бардык жагынан калыс бол, жакшы жагын да ойлогун, терс жагын да ойлогун деген сөз. Муну тутунган адамды эл алдына чыгарса анын аброю өтө бийик болот деп ойлойм.
Кадыр Кошалиев - журналист: Ой ойлосоң тең ойло, тең ойлосоң кең ойло деген биздин элибиздин моралдык-нравалык кодекси сыяктуу да. Кыргызда кеңешип кескен бармак оорубайт деген сөз бар. Чеч-Дөбө деген жерлер толтура.
Баарын кеңешип, теңдеп чечкен биздин элибиз. Нарктуулук деген ар кандай мыйзамдан жогору турат. Ошондуктан биздин нарктуу элибиз эч качан жоголуп кетпейт. Кеңге кең, тарга тар дүнүйө деген кыргыз.
Бейшенбек Бекешов, журналист
Булак: NazarNews.kg