www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери Киев аймагындагы турумдарын калыбына келтирип жатканын айтып, бир нече саат мурун шаардын мэри билдирген Ирпень шаарын кайтарып алууга жетишкендиги тууралуу кабарды тастыктады. Бул тууралуу MIGnews.com жазды.

«Бүгүн жакшы кабарыбыз бар. Жоокерлерибиз Киев аймагында илгерилеп, Украинанын аймагын кайрадан көзөмөлгө алууда. Ирпенди бошоттук. Жакшы иш», - деди Зеленский.

Зеленский, андан тышкары, РФтин куралдуу күчтөрү согуш учурунда талкаланган «бөлүктөрүн калыбына келтирүүгө» аракет кылып жатканын, бирок ал аймактарда коопсуздук жөнүндө айтуу али эрте экенин эскертти.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости