www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган ЖК делегациясы Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алматы шаарында уюштурулган маарекелик отурумга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Алгач отурумду Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилерине сөз берилди.
Өз кезегинде төрага Талант Мамытов КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.
Анда: "Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги өзүнүн калыптануу жана өнүгүү мезгилинде чөлкөмдөгү бирдиктүү экономикалык, социалдык жана маданий-гуманитардык мейкиндикти түзүүгө, жаңы суверендүү мамлекеттердин чыңдалышына чоң салым кошту. Айрыкча, мында Парламент аралык ассамблеянын мааниси жогору", - деп белгиленген.
Ошондой эле, өз кайрылуусунда кыргыз президенти КМШ ПААнын биринчи пленардык жыйыны 1992-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында өтүп, анын жүрүшүндө ассамблеянын регламенти кабыл алынганын эске салды.
"Шайлоо иштеринде КМШ ПААнын байкоо жүргүзүүсү демократиялык өнүгүүдөгү маанилүү элементтердин бири болду. Кыргыз Республикасы КМШ ПААнын алкагында жигердүү ишин улантуу менен Жогорку Кеңеш “Шериктештиктин балдары” долбоорун демилгелеп, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздеген. Андыктан, ассамблеянын ишмердүүлүгү мындан ары да КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, социалдык жана саясий өз ара аракеттенүүнү укуктук жактан камсыздоого багыттала берээрине терең ишенем",- деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Белгилей кетсек, 1992-жылдын 27-мартында Алматы шаарында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан парламент жетекчилери КМШнын Парламент аралык ассамблеясын түзүү тууралуу макулдашууга кол койгон. Кийинчерээк ассамблеяга Азербайжан менен Молдова кошулган.
Булак: NazarNews.kg