www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Песков: Кремль “С5+1” саммитин Борбор Азия мамлекеттеринин табигый кадамы катары кабыл алат

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Борбор Азия өлкөлөрү ар түрдүү мамлекеттер менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана бул — кадимки көрүнүш экенин билдирди.

«Азыр көптөгөн мамлекеттер Борбор Азия менен өз мамилелерин ар кандай форматтарда түзүп жатышат. Мисалы, “Кытай — Борбор Азия”, “Япония — Борбор Азия”, “Евробиримдик — Борбор Азия” сыяктуу форматтар бар. Ошондуктан биздин Борбор Азиядагы досторубуз жана өнөктөштөрүбүз өз тышкы саясатынын бардык багыттары боюнча алакаларды талкуулап турушу — таптакыр мыйзам ченемдүү нерсе», — деди Песков журналисттерге.

Кремл өкүлү ошондой эле Россиянын да Борбор Азия менен өзүнчө диалог алаңы бар экенин белгилеп өттү: «Жакында эле “Россия — Борбор Азия” саммити болуп өттү. Бул формат биздин региондогу достук жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган», — деп кошумчалады ал.

Последние новости