www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шавкат Мирзиёев АКШ Сенатындагы Борбор Азия боюнча кокустун теңтөрагасы, сенатор Стив Дэйнс менен жолугушту.
Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 5-ноябрда Вашингтондо жумушчу сапардын алкагында өткөн. Анда өзбек-америкалык стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жана ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мирзиёев парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Сенаттагы Борбор Азия боюнча кокустун ишин жогору баалады. Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти — өз ара соода өсүүдө, АКШнын ири компаниялары менен биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашууда.
Акыркы айларда рекорддук көлөмдө келишимдер жана контракттар түзүлдү. Бул сапардын алкагында дагы бир катар жаңы экономикалык документтерге кол коюу пландалууда. АКШ Конгрессинин бул макулдашуулардын ишке ашуусуна колдоо көрсөтүүсү өзгөчө маанилүү экендиги белгиленди.
Жолугушууда Стив Дэйнс өкүлчүлүк кылган Монтана штаты менен активдүү кызматташтыкты улантуу маселеси да каралды. Штаттын бизнес-миссиясын Өзбекстанга жөнөтүү боюнча макулдашуу түзүлдү.
Мындан тышкары, тараптар өз ара кызыкчылык жараткан эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.
Ошондой эле, 5-ноябрда Мирзиёев АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү — Билл Хайзенга, Кэрол Миллер жана Сидни Камлагер-Дав менен да жолугушту. Жолугушууда Өзбекстан менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жана парламенттер аралык практикалык кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды.
Өз ара байланыштардын динамикалуу өнүгүп жатканы, Конгресстеги Өзбекстан менен кызматташтык боюнча кокустун натыйжалуу иши канааттануу менен белгиленди. Ар жылы кокустун колдоосу менен Өкүлдөр палатасында Өзбекстан күндөрү өткөрүлүп, эки өлкөнүн алакаларын чыңдоого өбөлгө түзүүдө.
Конгресстин жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди — айрыкча соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшү маанилүү экендиги баса белгиленди.
Өзгөчө көңүл аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө, Батыш Вирджиния, Мичиган жана Калифорния штаттары менен практикалык кызматташтыкты жолго коюуга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында АКШ Конгрессинин өкүлдөрүнүн Өзбекстанга сапары жана аймактар жетекчилери башында турган бизнес-делегациялардын өз ара алмашуусу боюнча макулдашуу түзүлдү.