www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио келерки жылы Борбор Азиянын беш өлкөсү - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга баруу ниетин билдирди.
Ал аталган өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлерин кабыл алуу учурунда бул сапар бир жума же андан көп убакытка созулушу мүмкүн экеендигин кошумчалады.
Рубио АКШнын жана региондун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары экономика, соода жана жаратылыш ресурстарын өндүрүү маселелеринде бирдей экендигин белгиледи. Ал Борбор Азия буга чейин АКШнын тышкы саясатынын көңүл чордонунда болбогондугун, бирок азыр кырдаал өзгөргөнүн белгиледи.