www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сары-Кыр ашуусунан өтө албай унаасы менен калып калган 30 жаштагы кишинин сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ал адам суукта тоңуп калган. Маркум Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун салып жаткан компанияда иштеген жана базага бара жатып жолдо калып калган.
«Маркум Тогуз-Торого бара жатып жолдо калган. Сөөгү Манас шаарына жеткирилди», — деп билдиришти министрликтен.
Бүгүн эртең менен издөө-куткаруу иштерине учуп кеткен тик учак ал жерден Кытайдын 8 жаранын кошо эвакуациялаган.
ӨКМ буга чейин Манас — Казарман жолунун ашуудагы бөлүгү 1-октябрдан тарта жабылганын эскерткен болчу.