www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-ноябрда Филиппиндерде дүйнөдөгү эң ири сулуулар сынактарынын бири — «Miss Earth — 2025» («Жер сулуусу — 2025») жыйынтыкталды. Бул жолу дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 80ден ашуун катышуучунун арасынан башкы наамды Чехиядан келген модель Натали Пушкинова жеңип алды.

Жеңүүчүгө тапшырылган таажы алтындан жасалып, 87 бермет менен кооздолгон. Бул сан — тынчтыкты, өнүгүүнү жана узак жашоону символдоштурат.

Башкы наам үчүн атаандашууда катышуучулар бир катар тапшырмаларды аткарышты — интеллектуалдык суроолорго жооп берүү, экологияны жакшыртуу боюнча долбоорлорду сунуштоо, жана жер жүзүндөгү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерди илгерилетүү сыяктуу.

Финалга чейин бир катар атайын номинациялар боюнча жеңүүчүлөр да аныкталды. Маселен, Россиялык Елизавета Гурьянова таланттар сынагында мыктылардын бири болду. Ошондой эле АКШ, Непал жана Чехия өкүлдөрү да бул номинацияда алтын медаль алышты.

«Мисс Жер» сынагы 2001-жылдан бери өткөрүлүп келет жана ал «Мисс Дүйнө», «Мисс Аалам» жана «Мисс Интернешнл» сынактары менен катар дүйнөдөгү эң беделдүү сулуулар таймашы болуп саналат.

Расмий сайттагы маалыматка ылайык, бул сынак айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык аң-сезимди жогорулатуу максатын көздөйт. Иш-чаранын философиясы — сулуулар дүйнөлүк аудиториянын көңүл борборунда болгону үчүн, алар аркылуу жерди сактоо жана экологияны коргоо идеяларын кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгү бар дегенге негизделген.

Мындан тышкары, «Мисс Жер» сынагы туризмди өнүктүрүү жана ар түрдүү өлкөлөрдүн жаратылышын таанытуу багытында да чоң ролду ойнойт.

Натали Пушкинова тууралуу кыскача маалымат:

Туулган күнү: 14-февраль, 2004-жыл

Жашаган жери: Брнки айылы, Прагага жакын жайгашкан

Билими: Прагадагы Карл университетинин “Маркетингдик коммуникациялар жана коомчулук менен байланыш” факультетинин студенти.

Последние новости