www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва менен Киевдин сүйлөшүүсүнө мыйзамдык деңгээлде тыюу салган украин тараптын позициясынан улам мүмкүн эмес экенин билдирди. Анын айтымында, Владимир Путин диалогго дайыма даяр болуп келген жана бул жагынан эч нерсе өзгөргөн жок.

«Путин ар дайым сүйлөшүүлөргө ачык болуп келген. Ал НАТО жана АКШ, Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоого аракет кылган. Бул жагынан эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону украин тараптын позициясы өзгөрдү. Украинанын мыйзамдары азыр сүйлөшүүлөргө тыюу салат», - деди Песков журналисттерге.

Ал белгилегендей, орус президенти НАТО, АКШ, ЕККУ менен Украинадагы аскердик операция баштала электе эле сүйлөшүүлөрдү баштоого аракет кылган.

Песков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин графиги боюнча сүйлөшүү болбогонун, «бирок алар кээде бир нече сааттын ичинде макулдашаарын» кошумчалады.

Түрк лидери өз кезегинде жакын арада Орусия жана Украина президенттери менен сүйлөшүү ниети бар экенин билдирди. Анын айтымында, Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө кыйла «жумшак» жана ачык болуп калды.

4-октябрда Зеленский Владимир Путин анын президенти болуп турганда Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турган жарлыкка кол койгон. Буга чейин ал эгер Орусия ДЭР менен ЛЭРдин, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарынын кошулуусу боюнча референдум өткөрсө, сүйлөшүүлөр үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жоголот деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости