www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1990-жылдары Кемпир-Абад жактагы Өзбекстан менен чек ара Советтер Союзуна кирген мурдагы өлкөлөр тарабынан таанылган. Бул тууралуу Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Акыл Айтбаев билдиргенин «Клооп» басылмасы жазып чыкты.

«Кемпир-Абад суу сактагычын курууга бөлүнгөн 5731 гектар жер Кыргыз ССРнин министрлер советинин 1965-жылдын 22-октябрындагы №475 токтому менен берилген. Бирок Өзбек ССРнин сол жээктеги Кемпир-Абад каналын жана коллектордук-дренаждык тармагын куруу боюнча милдеттемесин аткарбай койгондуктан, КССРнин Министрлер совети [1975-жылы] №74 жаңы токтом кабыл алган — ал КССРнин Ош облусундагы чек арасына суу сактагыч курууга делген жерди кайтарып Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРнин республикалык чек арасын өзгөртүүсүз калтырган», - деди ал.

Айтбаевдин айтымында, 1990-жылдары Кемпир-Абад жактагы Өзбекстан менен чек ара Советтер Союзуна кирген мурдагы өлкөлөр тарабынан таанылган.

«Эгер мындан да эски документтерге кайрылсак, СССР таркагандан кийин андагы республикалар Алма-Ата жана Минск декларациясын кабыл алышкан. Анда бардык республикалар бири-биринин суверенитеттүүлүгүн жана ошол кездеги чек араларын тааныган. Бул декларация бардык республикалард ратификацияланган жана юридикалык күчкө ээ. Ал документтер Кемпир-Абад — биздин, кыргыз жери жана анын айланасында эч кандай талаш жок экенин далилдеп турат», - деп белгилеген Айтбаев.

Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. 

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.

Чыңгыз Айдарбеков өзү буга чейин комитеттин жыйынында эч бир регламент бузулбай жатканын айткан. Чек ара боюнча келишимдин долбоорунда документтер толук эмес болгону үчүн кол койбой жатканын билдирген. Кийин ал документтердин айрым бөлүгүн алып таанышканда Кемпир-Абад боюнча көп суроо жаралганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости