www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Шибегени капка ката албайсың" Сайдулло Нышанов «Ата-Мекен» партиясынын өтө активист лидери катары 2010-жылы апрелдеги бийлик алмашуудан соң өзгөчө жандана баштайт. Ошол мезгилде "Атамекенчи" мародерлор Райкан Төлөгөнов сыры элге маалим, ал эми Нышанов мурунку бийликтин мүлктөрүн сатуу менен байыган. 2010-жылы 7 апрелден соң БНКнын курамындагы "Петрол групп" улутташтырылат. Мамлекетке 9 автозаправканы жана 5 жер участогун өткөрөбүз дешет. Ошол мезгилде жашыруун аукцион өткөрүшүп муну 137 миллион сомго сатымыш болот. Бул жөрөлгөнүн башында барыбызга белгилүү "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Сайдулло Нышанов турган. Анткени БНКнын жарым мүлкүн сатымыш болуп элдин көзүн будамайлап, көпчүлүк мүлкүнө өзү ээ болуп калган. Сатымыш болгон 9 автозаправканын алтоосун "Бишкек Петрол Групп" сатып алат да башка үчөөнү гана алар сатып алат. Ошол мезгилдеги БНКнын директору Ниязов Сайдулло Нышановдун эң жакын санаалаштары катары анын кымбат баалуу машинасын колдонуучу.
"Атамекенчи" экс-депутат Сайдулла Нышанов 2010-жылдан баштап изденип, өтө байый баштайт. Манас аттуу иниси ошол кезде прокуратурада иштеп, Бакиевдердин үй-мүлктөрүн, бизнестерин "олжолоп", сол чөнтөккө ура берген. Миллиондор айланып жатса, кантип бизнес жасабай калсын? Эгерде Сайдулла Нышанов менен инисин жакшылап текшеришсе, алты камандын башы чыгабы? Тергөө барагы ачылса, көп кызыктар калкып чыкпайбы?
Сайдулло Нышанов байыган соң "Ата –Мекен" партиясын Текебаеви менен кошо сатып ордуна ал кездеги президент Атамбаевди колтуктап калган. Атамбаевге "Кыргыз эл Баатырын" беребиз деп, башка депутаттарды алка-жакадан алып, жаңы президент болгон Сооронбай Жээнбековго кайра –кайра добулбас уруп жүрүп Алмаз досун «Баатыр» кылган.
Эл оозунда айтылып калган банк ячейкасына да кол салган. Миллиондоп жебегени менен банк ячейкасына суук колун матырып, 5 миң долларды лык ашаган Сайдулло Нышанов Ата-Мекен партиясы менен парламентке келет. Бирок бул партия менен кайым айтыша кетип, камакта жаткан Өмүрбек Текебаевди чанып, президент Алмазбек Атамбаевге жагынып, анын сиңирген эмгектерин жогору баалап, "Кыргыз эл Баатырын" бериш керек деген демилге көтөрүп чыгат. Кызык, эми Текебаев камактан чыккан соң кайрадан Өмүрбек Чиркешовичтин кол алдында ийиктей чимириле баштап, "Ата-Мекен" фракциясынын парламенттеги жетекчилигине чейин жеткен.
"Ата-Мекен" фракциясына Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашева, Өмүрбек Текебаевдер жетекчи болушкан. Эми Атамбаевге "Кыргыз Эл Баатырын" бергиси келип, парламентте айкырып чыккан бензин королу Сайдулло Нышанов Нышанов "Ата-Мекен" фракциясына жетекчи болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg