www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн айда аймактарды кыдырып, катуу пиар кылганы эсиңерде болсо керек.

Ошондо Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жакшылап тоспой, келиндей жүгүнбөй койсо, натыйжада, төрт кылмыш иши козголуп атпайбы. Кайсы гана чиновник болбосун, артын чукуй берсе “илинчээги” табылат.

Ошол сыңарындай, Алмаз Мамбетовго да тескери мамиле жасалып, кылмыш иштерин козгоо менен саясый карьерасына балта чабуу аракеттери көрүлүүдө.

Негизи Курманкул Зулушев кыйын экен: мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башында туруп, жалаң Садыр Жапаровдун кадрларына “аңчылык” жасап, четинен чаап келатат.

Алымкадыр Бейшеналиев, Доскул Бекмурзаев, Теңгиз Бөлтүрүк, Алмазбек Бейшеналиев ж.б. Мындай ыргакта кете берсе, жакында президенттин бир туугандарын кылтакка иле баштабайбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости